Шрифттин өлчөмү
Интервал
Сүрөттөр

02.12.2025

Кароолор: 6

Айыл өкмөтүнүн ички резервине кирүүгө конкурс жарыялоо жөнүндө

Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине киргизүү үчүн  административдик муниципалдык кызматынын орунуна  ачык сынак жарыялайт:

 

      Айыл өкмөтүнүн чыгашалар боюнча  башкы адис- улук  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

•  тийиштүү багыттагы жогорку билим (Эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, экономика жана башкаруу)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

•  төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Жалпы мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2.  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5.  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  1.  Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;
  2. Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодексин”;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

 

•  билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

•  көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

 

        Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  • өзүнүн арызы;
  •  резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  •  негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү.

 

          Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп,  2025-жылдын  17-декабрына  чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:   Ысык-Көл району, Тамчы айылы  , Манас көчөсү №36

 

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

 

                        Атк.Г.Рысалиева   ( тел:0705-08-16-66 , раб: 039-43-5-14-14)