Шрифттин өлчөмү
Интервал
Сүрөттөр

27.03.2026

Кароолор: 18

Айыл өкмөтүнүн ички резервине кирүүгө конкурс жарыялоо жөнүндө

Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине киргизүү үчүн  административдик муниципалдык кызматынын орунуна  ачык сынак жарыялайт:

 

        Айыл өкмөтүнүн чыгашалар боюнча  боюнча башкы   адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар    кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

          тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика   багыты боюнча)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

жалпысынан жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

•  төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

 

Жалпы мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 
  2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 
  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 
  5. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 
  6. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 
  7.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», 
  3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.;

 

•  билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

•  көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

 

        Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  • өзүнүн арызы;
  •  резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  •  негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү.

 

          Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп,  2026 -жылдын  09-апрелине  чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:   Ысык-Көл району, Тамчы айылы  , Манас көчөсү №36

 

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

 

                        Атк.Г.Рысалиева   ( тел:0705-08-16-66 , раб: 039-43-5-14-14)