09.04.2025
Кароолор: 2
Айыл өкмөтүнүн ички резервине кирүүгө конкурс жарыялоо жөнүндө
Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна ачык сынак жарыялайт:
Айыл өкмөтүнүн юрист, коомдук тартип, пробация, административдик тартип бузуулар,мыйзамдардын сакталышы боюнча башкы адис -улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
- кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим (юридикалык,эсептөө техникасы жана
информатикалык технологиялар, экономика жана башкаруу,гуманитардык)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
- «Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү
- билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын 21-апрелине чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Ысык-Көл району, Тамчы айылы , Манас көчөсү №36
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.
Атк.: Г.Рысалиева ( тел:0705-08-16-66 , раб: 039-43-5-14-14)