Шрифттин өлчөмү
Интервал
Сүрөттөр

09.04.2025

Кароолор: 1

Айыл өкмөтүнүн ички резервине кирүүгө конкурс жарыялоо жөнүндө

Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна  ачык сынак жарыялайт:

 

   Айыл өкмөтүнүн  компьютердик технология боюнча IT  адис кенже  кызмат   орунуна  кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

•тийиштүү багыттагы жогорку билим же  атайын орто кесиптик билим (автоматташтыруу жана башкаруу, эсептоо техникасы жана информациялык технологиялар, гуманитардык);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажга талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы мыйзам актылары:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

 

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: 

  • Кыргыз РеспубликасынЖергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы 
  • Кыргыз Республикасынын  “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамы 

 

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

        Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп,   2025-жылдын   21-апрелине    чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:   Ысык-Көл району, Тамчы айылы  , Манас көчөсү №36

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

 

Атк.Г.Рысалиева   ( тел:0705-08-16-66)