Шрифттин өлчөмү
Интервал
Сүрөттөр

31.08.2024

Кароолор: 19

2024-жылдын 31-августунда өлкөнүн тарыхый өнүгүүсүндөгү маанилүү болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүнүн 33-жылдыгына арналган иш-чара

2024-жылдын 31-августунда өлкөнүн тарыхый өнүгүүсүндөгү маанилүү болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүнүн 33-жылдыгына арналган иш-чара

2024-жылдын 31-августунда өлкөнүн тарыхый өнүгүүсүндөгү маанилүү болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүнүн 33-жылдыгына арналган иш-чара Чырпыкты айылынын көл жээгинде уюштурулду. Маданият кызматкерлери тарабынан сценарий жана смета түзүлүп, бекитилди. Жергиликтүү кеңешинин депутаттары майрамды уюштурууга жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп беришти. Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин сунушу, Тору-Айгыр–Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин колдоосу менен айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон, элге кѳп жылдык, туруктуу, үзүрлүү эмгек кылган үчүн 6 (алты) жаран Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамына ээ болушту. Ошондой эле, жергиликтүү кеңештин депутаттары Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин жана айыл өкмөтүнүн Ыраазычылык каты менен сыйланышты. Элдерге майрамдык маанай тартуулап маданият кызматкерлери тарабынан чакан майрамдык концерт, кыргыз улуттук спорт оюндары уюштурулду. Спорт оюндарынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Боз үй тигилип, келген конокторго сый тамак берилди. Иш-чараны өткөрүүдө тиешелүү кызматкерлер менен коомдук тартип, өрткө каршы коопсуздукту сактоо иштери катуу көзөмөлгө алынды.